Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндөгү КР Өкмөтү менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо маселеси каралды.
Талкуу маалында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев белгилегендей, протоколду ратификациялоо эки мамлекеттин жарандарынын өз ара барып-келүүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Анткени протокол эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, транзиттик өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картаны документ катары пайдаланууга мүмкүндүк берет.