Вторник, 23 апреля

Жапаров ФИФАнын жетекчиси менен футбол ойноду (Фото, Видео)

0

Президент Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино бүгүн Бишкек шаарында жолдоштук беттеш өткөрүштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

ФИФАнын командасынын курамында Уюмдун түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде 1998-жылдагы дүйнө чемпиону жана Франция курамасынын курамында 2000-жылдагы Европа чемпиону Юрий Джоркаефф да ойноду.

Президенттик команда курамында министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин администрациясынын кызматкерлери ойношту.

Таймаштуу оюндун жыйынтыгында жолдоштук беттеште мамлекет башчысынын командасы жеңишке жетишти.

Оюн аяктагандан кийин Жанни Инфантино Садыр Жапаровго ФИФАнын энчилүү футбол формасын белекке берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз