Орус коопсуздук фирмасы Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожин ок-дарылардын берилбегендиктен 10-майда Украинанын Бахмут аймагынан чегинүү чечимин чыгарышкнадарын жарыялады.
Евгений Пригожин соцтармак аркылуу Украинадагы согушта ок-дары маселеси тууралуу видео жарыялады.
Түнкүсүн жарыяланган видеодо кыска убакыт мурда өлтүрүлгөн Вагнер жоокерлеринин сөөгүн көрсөткөн Пригожин бул согушкерлердин кээ бирлеринин балдары жана айрымдарынын аталарынын бар экендигин белгиледи.
Согушкерлердин ок-дары жетишпегендиктен каза болгонун белгилеген Пригожин ок-дары бербегендердин «тозокто күйө турганын» айтты.
Пригожин сөзүндө ачуулануу менен сүйлөгөн сөзүндө : “Бизде 70 пайыздык ок-дарылар жетишсиз. (Россиянын коргоо министри Сергей) Шойгу! (Башкы штабдын төрагасы Валерий) Герасимов! Ок-дарылар кайда? Карагыла буларды (жердеги өлүктөрдү) карагыла!». деди.
Пригожин ок-дары жетишсиз болгондуктан 10-майда Украинанын Бахмут аймагынан чегинүү чечимин чыгарышкандарын жарыялады.
2022-жылдын 24-февралында Россиянын президенти Владимир Путин Украинаны басып алуу буйругун берип, Россия — Украина согушу башталган.
Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана Россиянын таасири астында калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылганын айткан.