Суббота, 19 октября

Мал уурдап Өзбекстанга өткөргөн жаран кармалды

0

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 22 баш бодо малды Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалымат караганада, 33 жаштагы жаран 5-майда Сары-Булак жергесинде 22 баш буканы сатуу үчүн Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылып, кармалган.

Алдын ала эсеп боюнча, 22 баш бодо малдын баасы 1,5 млн сомду түзөт.

Кармалган жаран менен бодо мал тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз