Суббота, 19 октября

Жапаров менен Путиндин жолгушуусунун так датасы белгилүү болду

0

Орусиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү 8-май күнү жүргүзөт. Бул тууралуу Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Келерки жуманын башталышына даярдык көрүп жатабыз. 8-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапары менен келе турганын айтканбыз. Орус-кыргыз сүйлөшүүлөрү жүрөт. Андан соң, 9-майда, парад болот», — деди Песков журналисттерге.

Буга чейин Садыр Жапаров Жеңиш парадында ардактуу конок болору айтылып, эмне маселелер талкууланары кабарланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз