Воскресенье, 24 ноября

Эдил Марлис Уулу-КЫРГЫЗСТАН МУФТИЯТЫ КИМГЕ КЫЗМАТ КЫЛАТ?

0

Жакынкы кундору Муфтияттын берген ооз ачуу (ифтар) ишчарасындагы Туркия элчисинин видеосу интернетке тарады. Элчи ифтарга катышпай, чыгып кетип бара жатып, Муфтияттын кызматкерлерине карата: «Сиз мени терорчулар менен бир дасторконго эмнеге олтургузасынар?… Рамазан деген ушубу?… Мен сага 35 миллионов долларов мечитти салып берейин, сен болсо мени терорчулар менен олтургуз!… Же Туркия мамлекетин тандагыла, же терор уйумун тандагыла…», деген каттуу создорун айтып, кетип калды.
Иштин чоо-жайы эмнеде? Муфтият бир мамлекеттин окулу болгон элчини коноко чакырып жатып, ошол эле жерге, ал мамлекетте терорчу деп жарыяланган ФЕТО уйумунун окулдорун чакырып койгон. Муфтияттын кызматкерлери билбестиктен ката кетирди дегенге эч ким ишенбейт. Аткени Туркиянын ФЕТО уюмуна болгон мамилесин ар бир сабаттуу кыргызстандык билет. Ал эми Муфтиятта билимдуу, ишбилги адамдар кызмат кылышат. Демек бул нерсе ойлонулуп, атайын уйуштурулган. Мурдагы Президентибиз Атамбаев ушул ФЕТОго болушам деп, Туркия мамлекети менен алаканы бузду эле. Бир канча жылдык муздак мамиледен кийин, Жеенбеков баш болгон азыркы бийлик мамилени акырындан оной баштаган чакта, Муфтият эки бир тууган мамлекеттин ортосуна кайра чок салып жаткандыгы кандай? Бул ооз ачууда Президентибиздин иниси Асилбек Жеенбеков дагы бар экендиги айтылууда. Демек сокку Президенттин уй-булосуно каршы дагы багытталган.
Туркиянын элчиси, бир мамлекеттин окулу катары озуно кылынган мамилени олкосунун жетекчилигине жеткиреби? Ооба, муну кылууга милдеттуу. Анткени элчиге болгон мамиле, анын мамлекетине болгон мамиле дегендик.
ФЕТО уйумунун бул жактагы жетекчиси же бир дин кызматкери болбосо, же бир мусулман олконун окулу болбосо бул роз ачууга эмнеге чакырылды? Болгону Туркиянын элчиси менен жанжал чыгаруу учун кана деп эсептейм. Же болбосо биздин Муфтияттын бул ФЕТО уйуму менен оз ара бир расмий алакалары барбы?
Алдын ала айтыла турган суроолорго жооп иреетинде айта кетейин. Интернеттеги жазууларда кээ бир адамдар — элчи курган мечити менен кекетип жатат, озу кургансып доомат айтып жатат, деп сын айтышууда. Видеодогу соз кыргыз элине эмес, Муфтияттын кызматкерлерине айтылып жатат. Анткени мечит салып бергилечи деп, биздин Муфтият турктордон суранын курдурган. Мен салдым деп жатканынын себеби, элчи деген бир мамлекеттин окулу. Жана мамлекетинин атынан, Президентинин атынан суйлойт.
Жакынкы кундору эле Кыргызстандын тышкы иштер министри Туркияга барып — Кыргызстанга инвестиция кылгыла, биз боордош, бир тууган элдербиз деп, суранып келди эле. Муфтият мындай иши менен анын баарын жокко чыгарды. Бул нерсе оз мамлекетине жана оз элине болгон чыккынчылык болбогондо эмне?

Эдил Марлис Уулу

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз