Воскресенье, 24 ноября

Бектур Карагулов-бул боюнча жазбай кое албадым

0

Эмесе мындай…
ФЕТО же ГУЛЕНчилердин медиа, бизнес, билим беруу жана акыры келип саясатта кучтуу позициясы бар экендигинен ар бирибиз кабардар болушубуз керек.
Олкобуздо “Хизмет-ФЕТО” кыймылына таандык бир нече уюмдар бар. Булар олкобуздун келечегине кооптуу, чыккынчы инсандарды тарбиялаары айтпасам да, белгилуу.
Буга Муфтияттка дагы тиешеси ото чон. Россияда, Озбекстанда жана Туркияда тыйуу салынган сектаны Кыргызстандан дагы, оолак кармоо керек.

Ал эми, Туркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Женгиз Камил Фыраттын бул кадамы менин коз карашым боюнча туура.
ФЕТОчулар Туркияда куралдуу тонкоруш жасашкан, андан коп мусулмандар курман болгон. Феточулар дин жамынган чыккынчылар экенин билуубуз абзел.
Туркиянын саясаты боюнча Ф.Гуленге таандык инсандар — «террорист» болуп эсептелинет.
Эки олконун туруктуу мамилеси учун бири биринин саясий кызыкчылыктарын эске алуулары шарт.
Алар, биздин чаласабат окмот кызматкерлери же бизнесмен молдокелер сыяктуу эмес. Эки аялын чогу тамактандыргандай…)))

Туркия олкосу жана Фетхуллах Гулен жонундо билбегендер: «Турктор копту, тайрандабай жон журушпойбу» — деген сыяктуу создорду Женгиз Фырат жонундо чыккан маалымат каражаттарына жорум жазышыптыр.
Урматтууларым!
Бул копкондукко жатпайт. Бул мамлекеттин кызыкчылыгын коздоого, кызматын туура нукта отоп жаткандыкка жатат!
Женгиз мырзанын оордунда мен же сиз болгонубузда дал ушундай кадамга бармакпыз. Ар бирибиз эле, уй-булообуздун саткынчысы же душманы менен бир дастаркондо тамактанууну каалабайт болушубуз керек?!
Ар ким оз олкосундо озу самагандай саясат жургузот денизчи… Бирок, тануулоо кажет эмес! Конокко чакырган сон, коноктун ынгайын дагы эске алуу керек!
«Жаман торун бербейт» болбойлу, уят.
————————————————————————————
Беларусияда уюштурулган расмий бир тамакка Бакиевдер конок катары чакырылса кандай болот эле? Ошол сый тамакка Кыргызстандын элчисинин да катылышын каалайт белеңиз? Урматтуу окурман, жогорудагы суроолорго жообуңуз кандай болгон күндө да ушул макаламды аягына чейин окууңузду сунуштайм.

Үч күн мурда Муфтият уюштурган ооз ачаар чоң дипломатиялык чырга себепчи болот деп эч кимдин оюна келбесе керек. Жалгыз эле Түркияда эмес, Россия, Өзбекстан, Азербайжан, Пакистан сыяктуу мамлекеттерде тыюу салынган гүленчилердин диний чөйрөнү, Муфтиятты кандайча калчап калганын көрсөткөн бул окуянын таржымалын айтып өтөлү.

Жыл сайын орозо айында ооз ачаар өткөргөн Муфтият бул жылы да чоң дастаркон жайып, белгилүү адамдарды жана чет элдик конокторду чакырды. Дасмияда өткөн бул мааракеге Ак Үй менен Көк Үйдөн салмактуу мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар жана коомдун чыгаан инсандары келишти. Ички саясаттагы салмактуу оюнчулар менен катар Түркия, Пакистан, Афганистан, Россия сыяктуу мамлекеттердин элчилери да орундуктарга жайгашты.

Бирок азан айтылып, ооз ачаар убакытка саналуу минуталар калганда эшиктен кирип келген бир топ киши ооз ачаар кечесинин эл аралык чырга айлануусуна себепчи болушту. Түркияда террористтик уюм деп тыюу салынган Футхуллах Гүлен уюмунун мүчөсү, эл аралык издөөдө жүргөн Орхан Инандынын жан-жөөкөрлөрү менен чогуу ифтарлыкка келип, төргө отуруп калуусу коноктордун оозун ачырды. Гүленчилерге караштуу “Сапат” мектептеринин жетекчилери да Орхан Инандыга жетеленип, дасторкондон орун алышты. Бул көрүнүш кечеге чакырылган Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин ооз ачаарды күтпөстөн Дасмиядан чыгып кетүүсүнө себеп болду. Террористтер менен чогуу отурбайм деген Түркиянын элчисин Муфтий Максатбек Токтомушев алып калууга аракет кылды. Бирок Түркиянын гүленчилерге карата саясатын билип туруп аларды бул жыйынга чакыруу, издөөдө жүргөн адамды расмий ифтарга алып келүү кыргыз-түрк мамилесине пайда алып келбейт деген элчи машинесине отуруп кете берди.

Чакырылган коноктордун тизмесин текшербегенин айткан Муфтий Максатбек Токтомушев чындап эле гүленчилердин кечеге чакырылганын билбеши мүмкүн. Түрк өкмөтү Орхан Инандыны өткөрүп берүүнү талап кылганынан Максатбек ажы кабардар да болбошу мүмкүн. Бирок Муфтийдин жардамчысы Замир Ракиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Жакшылык Борочоров сыяктуу Фетхуллах Гүлен уюмунун мүчөлөрү Орхан Инандынын издөөдө экенин жакшы билишет. Алар көптөн бери дин тармагын тейлеп, Муфтиятты колго алып койгону маалым. Ооз ачаарды дал ошол шылуундар уюштурганы, тизмени ошолордун даярдаганы эми белгилүү болууда.

Кечээки ооз ачаарда гүленчилер Түрк элчисине жана кыргыз бийлигине өздөрүнүн күчүн көрсөтүүнү максат кылышканы байкалды. ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков сыяктуу жоон топ саясатчыларды жана чет элдик сыйлуу конокторду көзгө илбей, өздөрүнүн имамын бул кечеге алып келген гүленчилер Кыргызстанды каалагандай калчай турганын жар салышты.

Гүленчилердин кылыгы жалгыз эле Муфтийдин кадыр-баркына залакасын тийгизген жок. Жасалган бул кутум Муфтияттын түрк тарап менен болгон мамилесине, кыргыз эли менен түрк элинин карым-катнашына таасир этээри шексиз. Гүленчилер Кыргызстан менен Түркиянын диний чөйрөдөгү кызматташуусуна кызыгып да койгон жери жок. Түрк тарап диний чөйрөдөгү кызматташууну кайрадан карап чыгууну сунушташы толук мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда, гүленчилер чыныгы жүзүн дагы бир жолу көрсөттү. Учурунда Атамбаевди ноктолоп алып Түркияга каршы акаараттарды айттырган бул топ, эми Муфтият аркылуу кыргыз-түрк боордоштугуна таш ыргытууда. Андыктан, галстук тагынган террористтер деген ат менен таанымал гүленчилердин шиши толуп, аларга карата чечкиндүү кадамдарды таштоо мезгили келди.

Бектур Карагулов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз