Четверг, 18 апреля

Евробиримдик Украинага 1 миллион снаряд берүүгө даяр

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Европа Биримдигинин Украинага тез арада керектүү ок-дарыларды жана 1 миллион снаряд берүүгө даяр экендигин билдирди.

Зеленский 9-Май Европа күнү майрамынан улам   шаар Киевге барган Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөп : «Ушунун негизинде Европа Биримдигинин Украинага керек болгон ок  — дары жана 1 миллион снарядды берүүгө даяр болгону үчүн Ляйенге ыраазычылык билдирем»,- деди.

Украина-Европа Биримдиги карым-катнашындагы жасалма саясий белгисиздикти жоюунун мезгили келгенин белгилеген Зеленский : «Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу оң чечим чыгарууга убакыт келди»,-деди.

Фон дер Ляйен менен жолугушууда Украинанын айыл  — чарба продукцияларынын экспорттолушуна карата Европа Биримдигинин киргизген чектөөлөрүн карап чыгышкандарын белгилеген Зеленский өлкөсүнүн экспортуна карата кандайдыр бир чектөөнүн кабыл алынгыс  экендигин анткени  мунун Россиянын мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрөрүн айтты.

Зеленский Европа Биримдигинен күчтүү чечимдер жана бардык соода чектөөлөрүн эртерээк жоюшун күтүп жаткандарын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз