Вторник, 7 мая

Польша Калининграддын атын өзгөрттү

0

Польша Калининграддын атын «Кролевец» деп өзгөртүү чечимин чыгарды.

«Польша Республикасынын тышындагы географиялык аттарды стандартташтыруу комитети» Орусияга таандык Балтика деңизинин жээгиндеги Калининграддын атын поляк тилинде «Кролевец» деп өзгөртүү чечиминчыгарды.

Комитеттен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта сунуш чечиминин 12-апрелде өткөрүлгөн жыйында чыгарылгандыгы жана өзгөртүүнүн  9-майдан тарта күчүнө киргендиги белгиленди.

Калининграддын орус тилиндеги  ат экендигине көңүл бурулган билдирүүдө : «Административдик биримдиктин аталышы Калининград облусу жана поляк тилинде Калининград облусу атын колдонуу сунушталбайт. Учурда  Калининград деп аталса да Польшада салтуу Кролевец деп аталат», — деп билдирилди.

Калининград атынын шаар менен же аймак менен байланышынын жок экендиги баса белгиленген билдирүүдө : «Польшанын чектерине  жакын чоң бир аймакка башкалары менен бирге польшалыктардын массалык геноцидине чечим чыгарган кылмышкер Михаил Калининдин атынын берилиши, Польшада трес таасир жаратууда»,- деп айтылды.

Билдирүүдө ар бир өлкө өзүнүн маданий мурасын түзгөн салттуу аталыштарды өз тилинде колдонууга укуктуу экендиги,  эч кимдин каалабаган ысымды колдонууга мажбур эмес экендиги баса белгиленди.

Польша менен Литванын чек арасында орун алган орус жери болгон Калининград Польшанын тарыхында Кролевец, немис тарыхында Кенигсберг деген ат менен белгилүү.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз