Пятница, 26 апреля

Орусия Пашиняндын ЖККУ боюнча айткандарына нааразы

0

Орус тышкы иштер министрлиги Армения жетекчилигинин ЖККУ ишинин натыйжалуулугу тууралуу айткан сөздөрүнө нааразычылыгын билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова: «Биз Еревандын ЖККУну ачык сынга алышы жакшы жыйынтык бербейт деп ойлойбуз. Армения жетекчилигинин уюмдун ишинин натыйжалуулугун өзүнөн тышкары талкуулоого умтулушу таң калыштуу. Анткени ЖККУда бул үчүн бардык зарыл форматтар жана жолдор бар. Башкысы, уюмдун мүчөлөрү бардыгын укканды жана бул багытта иш жүргүзгөндү билет», — деди.

Захарова Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын Прагада «Евробиримдиктин байкоочуларын чакыруу чечими оңой болгон жок, анткени ал эч кандай коопсуздук кепилдиктерин бербейт жана жаңы чакырыктарды жаратышы мүмкүн» деген билдирүүсүн эске салды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз