Вторник, 7 мая

Надира Жусупбекова кызматтан алынды

0

Надира Жусупбекова билим берүү жана илим министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Эскерте кетсек, Жусупбекова министрдин орун басары кызматын 2018-жылдан тарта аркалап келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз