2023-жылдын 17-21-май күндөрү ордолуу Ош шаарында Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VII фестивалы өтөт.
Жетинчи ирет өтө турган дүйнөлүк фестиваль Кыргыз Эл Баатыры, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жана казак элинин улуу жазуучусу, көрүнүктүү окумуштуу, коомдук ишмери Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналат.
Иш- чара кыргыздын тарыхын, философиясын, дүйнө таанымын жана руханий маданиятын камтыган, атуулдукту, достукту, руханий эркиндикти даңазалаган жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана чыңдалышына жаратмандык ролду ойногон кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурастарын, каада-салтын, өнөрүн сактоо, өнүктүрүү максатында өтөт.
Улуттук улуу дөөлөттөрдү, ата мурасын көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү ар бир цивилизациялуу мамлекеттин милдети болуп саналат.
«Дүйнө элдеринин эпосторунун дүйнөлүк фестивалы» дал ушул ыйык милдеттерди аркалап келе жаткан алгылыктуу илимий маданий иш чара катары таанымал бреэндке айланды. Эпикалык мурастарды сактоонун инновациялык жолдорунун бири катары 2006-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан эл аралык иш -чара Кыргыз Ресубликасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан колдоого алынып, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Арт Араба” коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп келет.
Дүйнө элдеринин эпос изилдөөчүлөрүнүн, өнөр адамдарынын, кол өнөрчүлөрүнүн башын бириктирген ири иш- чара жетинчи ирет өтүү алдында турат. Бүгүнкү күнү Фестивалга катышуу ниетин билдирип Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Армения, Иран, Пакистан, Франция, Швеция, Испания, Япония, Монголия, Америка, Беларусь, Эстония, Латвия, Индия, Абхазия, Россия Федерациясынын субьектилери Башкортостан, Алтай, Тыва, Саха-Якутия, Хакасия, Сибирь, Калмыкия жана Чечен Республикаларынын өкүлдөрү тастыктады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен өтө турган быйылкы фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, «Арт Араба» коомдук фонду тарабынан координацияланат. Фестивалдын негизги өнөктөштөрү КМШга мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги жана Ош шаарынын мэриясы.
Фестивалдын алкагында эпос таануучулар жана окумуштуулардын катышуусунда илимий- практикалык симпозиум, айтуучулар арасында “Мыкты Семетейчи”, дастанчылар арасында “Мыкты дастанчы”, кол өнөрчүлөр арасында “Мыкты кыргыз Боз үйү» республикалык сынактары, дизайнерлер арасында “Саркеч көчмөн” эл аралык сынагы жана “Кадырлуу каада салт» сынактары өтөт.
Аталаган фестиваль чыгармачылыктын кайталангыс, өтө сейрек кездешүүчү түрүн сактоо жана өнүктүрүү, адамзаттын маданий баалулуктарын аздектеп өркүндөтүү, эл аралык руханий, маданий шериктештикти кеңейтүү аркылуу дүйнөлүк деңгээлде эпикалык мурасты жайылтуу жана актуалдаштыруу үчүн мыкты аянтча болууда.
Эске салсак, Дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалы 2006-жылдан тарта үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. 2021 –жылы фестиваль Бишкек шаарында өтүп, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу жана манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган.
Фестивалга 20 дан ашык мамлекеттеринин илимпоздору жана өнөр адамдары катышкан.
Фестивалдын эске кала турган иш-чараларынын бири бул -Улуттук «Манас” театрынын ачылышы расмий жарыяланган.