Суббота, 18 мая

Эми Украина чабуул жасап, орус аскерлери коргонуга өттү

0

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украина армиясынын Соледар багытында катуу чабуулдарды жасаганын билдирип: «Орус бөлүктөрүнүн коргонуусун бузууга жол берилген жок»,- деди.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

Конашенков Украина армиясынын Соледар багытында чабуул жасаганын билдирип : «Кечээ душман Соледар тактикалык багытында  95 километрден ашык байланыш линиясында чабуул коюучу операцияларды жургузду», — деди.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн 26 кол салуу жасаганын белгилеген  Конашенков, бул кол салуулардын 1000ден ашуун украин аскери, 40тан ашуун танк, башка аскердик жана атайын унаалар менен жасалгандыгын белгиледи.

Конашенков: «Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бардык чабуулдары майтарылды. Орус бөлүктөрүнүн коргоонуусун бузууга жол берилген жок», — деди.  

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз