Суббота, 4 мая

Түркия абадан коргонуу системасын сынады

0

Түрк коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир СИПЕРдин аянтка конгондон мурдагы акыркы сыноосунда узун аралыктагы бутасын так аткандыгын белгиледи.

Демир Твиттерден АСЕЛСАН жана РОКЕТСАНды белгилеп СИПЕР узун аралыктуу абадан коргоо системасына байланыштуу маалымат берди.

Түрк асманынын коргоочусу СИПЕРдин акыркы сыноосунда узун аралыктагы бутасын так аткандыгына көңүлдөрдү бурган Демир: «Кургактыкта, абада, деңизде жана космосто эгемендүүлүк жана келечегибиз үчүн күнү-түнү иштеп жатабыз. Куттуктайбыз», — деди.

Мындан мурдагы сыноодо СИПЕР менен 100 километр аралыкка жеткен жана биринчи сыноодо колдонулган ЕИРС радарына кошумча катары төмөндөн учуу радары колдонулган.

Түркиянын ушул кезге чейинки эң узун аралыктуу ракетасы «Тайфун» да «кыска аралыктуу балистикалык ракета» катары өлкөнүн коопсуздугуна салым кошот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз