Пятница, 3 мая

Түркиядагы шайлоо: Ким алдыда?

0

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоодо добуштардын көпчүлүгү саналып бүттү.

Биринчи расмий эмес жыйынтыктар боюнча президенттик шайлоо үчүн добуштардын 99 пайызы саналып бүттү.

Маалымат боюнча:

 

Режеп Таййип Эрдоган: 49,42%

 

Кемал Кылычдароглу:44,88%

 

Синан Оган:5,2%

 

Мухеррем Инже 0,4%

 

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майда өттү. Мамлекеттин азыркы башчысы Режеп Тайип Эрдоганга негизги атаандаш болуп «Элдик альянстан» Кемаль Кылычдароглу чыккан. Андан сырткары, үчүнчү талапкер — Ata альянсынан Синан Оган. Ал эми төртүнчү адам Memleket партиясынан аттанган Мухаррем Инже бир нече күн мурда талапкерлигин алып салганы менен бюллетенде ысымы кала берген. Эгерде талапкерлердин бири добуштардын 50 пайызын ала албаса, шайлоонун экинчи туру 28-майда болору айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз