Пятница, 3 мая

Нурланбек Шакиев Азербайжанга иш сапары менен жөнөп кетти

0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжан Республикасына иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш сапардын алкагында төрага Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чараларга катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Муну менен катар Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын Башкы кеңсесине барып, ишмердүүлүгү менен таанышат.

Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов жана Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Искендер Матраимов коштоп жүрөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз