Пятница, 3 мая

Түркиянын президентин шайлоо экинчи турга калды

0

Түркиядагы президенттик шайлоонун жыйынтыгында бир дагы талапкер добуштардын 50 пайызын ала албагандыктан шайлоонун 2-туру 28-майда өтө турган болду. Бул тууралуу Түркиянын маалымат каражаттары жазды.

Бюллетендердин 100 пайызын саноодон кийин Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайип Эрдоган добуштардын 49,24 пайызын, ал эми анын атаандашы Кылычдароглу 45 пайызын алган.

Жогорку шайлоо кеңеши миллиондон ашык бюллетенди жараксыз деген чечим чыгарганы да кабарланды.

Эске салсак, Түркияда кечээ, 14-майда, президенттик жана парламенттик шайлоо өттү. Мамлекеттин азыркы башчысы 69 жаштагы Режеп Тайип Эрдоганга негизги атаандаш болуп 74 жаштагы «Элдик альянстан» Кемаль Кылычдароглу чыккан. Андан сырткары, үчүнчү талапкер Ata альянсынан 55 жаштагы Синан Оган болгон. Ал эми төртүнчү адам Memleket партиясынан аттанган Мухаррем Инже бир нече күн мурда талапкерлигин алып салганы менен бюллетенде ысымы кала берген. Кечээки шайлоодо ага да добуш бергендер болгону менен өтө аз үлүштү түзгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз