Среда, 24 апреля

Англия Украинага согушка түздөн-түз таасир этчү куралдарды берүүгө камданууда

0

Англиянын премьер-министри Риши Сунак Украина президенти Владимир Зеленскийдин Лондондогу сапары учурунда Киевге зениттик ракеталарды жана алыска сокку урууга жөндөмдүү дрондорду берүүнү жарыя кылышы мүмкүн.

«Сунак Украинага жаңы жардам катарында жүздөгөн зениттик ракеталарды, алыскы – 200 чакырымдан ашуун аралыкка ата турган жүздөгөн дрондор берилерин жарыялайт», — деп айтылган материалда.

Зеленский дүйшөмбү күнү Лондонго келген, анын Англиянын премьери менен сүйлөшүүсү пландалган.

Өткөн аптада Англиянын Украинага 250 чакырымдан да алыс уча турган Storm Shadow канаттуу ракеталарды берээри маалым болгон. CNN билдирген маалыматка таянсак, Киев Лондонго куралдарды бул ок-дарылар Украинаныкы деп эсептеген аймактардагы бутага каршы гана колдонулат деген кепилдик берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз