Суббота, 18 мая

4 пайыздык ипотека алууну каалайсызбы? (Жол-жобосу)

0

«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, “Социалдык ипотека” багыты аркылуу үйдү бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери гана эмес, төмөнкү категориядагы жарандар да ала алышат:

— 5 жана андан ашык баланы тарбиялаган көп балалуу үй-бүлөлөр;
— майыптыгы бар адамдар же майыптыгы бар адамдардын камкорчусу болуп эсептелгендер;
— жашы жете элек баланы бир гана ата-эне тарбиялаган толук эмес үй-бүлөлөр;
— айыл жергесинде иштеген жаш адистер.

“Социалдык ипотека” жылдык 4% менен берилип, ошондой эле анын алкагында турак жай банктын катышуусуз кийин сатып алуу укугу менен ижарага берилет.

Мындан сырткары, аталган системанын алкагында чет өлкөлөрдө иштеген жарандар мамлекеттик ипотекалык насыяларды ала алышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз