Суббота, 4 мая

Дмитриевкада атышуу болду (Видео)

0

Чүй облусунун Дмитриевка айылында куралдуу терорист жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышкердик кармоо операциясына ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери тартылган.

«Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн. Бирок, ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Аталган операция боюнча кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКлар Дмитриевка айылында атышуу болуп жатканы тууралуу жазышып чыгышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз