Четверг, 25 апреля

Эми жаштар венгр тилин үйрөнүшөт

0

Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КУМ) Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунда Венгр (мажар) жана маданияты (“Hungarian Language and Culture”) борбору ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбордун ачылышына окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айсулуу Бейшенова, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Аниса Бөрүбаева, Кыргызстандагы Венгриянын элчиси Шандор Дороги, Венгриянын Эгер шаарындагы Кароли Эстерхази (Eszterházy Károly Catholic University) атындагы университеттин проректору Тибор Юхас (Tibor Juhász), ошондой эле Erasmus+ долбоорунун алкагында Чет тилдерди окутуу жана тейлөө борборунун жетекчиси Дьердьи Ковач (Györgyi Kovàcs) жана ага окутуучу Жудит Тот (Judit Tóth), ошондой эле университеттин Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун окутуучулары катышты.

Аталган борбордо Венгрия мамлекетинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын камтыган китептер жана белгилүү инсандардын портреттери коюлган. Ага кошо эле, окутуучулар жана студенттер аралыктан венгр тилин үйрөнүү үчүн интерактивдүү сенсордук панель орнотулган.

Венгриялыктар бул иш сапардын алкагында окуу жай менен кеңири таанышып, музейдеги экспонаттар тууралуу маалыматтарды алышты. Алдыда венгр тилин жана маданиятын кыргыз элине жайылтуу максатында университеттин студенттерине англис жана венгр тилдеринде сабактарды өтүшөт.

Эске салсак, буга чейин И. Арабаев атындагы КМУ менен Венгриянын Эгер шаарындагы Кароли Эстерхази (Eszterházy Károly Catholic University) атындагы университеттин ортосунда кызматташуу келишими түзүлгөн. Анын негизги максаты – илим жана билим берүү тармагында эмгектенген адистердин жана студенттердин мобилдүүлүк боюнча тажрыйба алмашуусу болуп саналат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз