Суббота, 18 мая

Түрк даамдарынын жумалыгы өтөт (Видео, Фото)

0

Кийинки аптада, тактап айтканда 21-майда дүйнө жүзү боюнча Түрк ашканасынын жумалыгы башталат. Аталган кулинардык иш-чара түрдүү, ондогон цивилизациялардын изин чагылдырган, берекелүү география жана бай тарыхка ээ түрк гастрономиясынын глобалдык майрамы болот. Быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жаткан Түрк ашканасынын жумалыгында  ЮНЕСКОнун Чыгармачыл шаарлар тармагы тарабынан «Дүйнөнүн 26-гастрономиялык шаары» деп таанылган Хатайдын аймактык ашканасына басым жасалат. Ошондой эле түрк тамак-аш маданиятында калдыксыз өндүрүш практикасын жайылтууга өзгөчө маани берилет. Тамак-аш апталыгы 27-майга чейин уланат.

Түрк ашканасы жумалыгын Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги координациялап жатат. Ашкана апталыгында Түркияда иш алып барган түрдүү өлкөлөрдүн дипломаттарына Хатай ашканасынын өзгөчөлүктөрү таанытуу иш-чаралары уюштурулат.

Түрк ашканасы бир өзгөчө

Түрк ашканасы жумалыгынын катышуучулары жергиликтүү ингредиенттерди жана салттуу тамак жасоо ыкмаларын колдонуу менен Хатайдын жергиликтүү тамактарын даярдап, байыркы жана туруктуу түрк ашканасы менен кеңири таанышышат. Ошол эле учурда алар түрк ашканасынын бай биологиялык ар түрдүүлүгү жана анын ар кандай жеп-ичүү тенденцияларына жооп берүүгө даярдыгы, потенциалы жөнүндө маалымат алышат. Ошондой эле жумалыкка келгендер түрк ашканасынын туруктуу жана калдыксыз мамилеге негизделген тамак жасоо методологиясын практикалык түрдө жасап көрүп, тажрыйба алышат. Иш-чаранын жүрүшүндө түрк кофеси, түрк чайы жана түрк локумдары сунушталып, катышуучулар түрк ашканасынын көптөгөн түрлөрүнүн даамын тата алышат.

Хатай аймагынын даамдары укмуш

Дүйнө боюнча өткөрүлө турган Түрк ашканасы жумалыгында Хатай ашканасынын даамдарына арналган өзгөчө меню көрсөтүлөт. Гастрономия тармагында ЮНЕСКОнун Чыгармачыл шаарлар тармагынын бир бөлүгү болгон Хатай, өзгөчө ашканасы менен көпчүлүктүн көңүл бурган түрк шаарларынын бири. Хатай ашканасы жогорку сапаттагы зайтун майы жана дан эгиндери, буурчак өсүмдүктөрү, жашылчалары, мөмөлөрү, жергиликтүү чөптөрү жана Жер Ортолук деңизинин климаты үстөмдүк кылган түшүмдүү топурактарда өстүрүлгөн жыпар жыттуу заттары менен өзгөчөлөнүп турат.

Тарыхта көптөгөн түрдүү цивилизациялардын изи калган шаардын кулинардык мурасы өзгөчө таңкы тамагы жана түрдүү менюлары менен кишинин көңүлүн бурат. Түрк ашканасы жумалыгынын алкагында даярдала турган Хатай менюсуна «биберли экмек» (кызыл калемпир пастасы кошулган нан), «зайтун салаты», «хумус», «кысыр», «тепси кебап» сыяктуу тамактар да киргизилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз