Воскресенье, 5 мая

Көз жоосун алган Кытайдагы жолугушуу (Фото)

0

Президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен чогуу бүгүн, 18-майда, Сиань шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарларына арналган Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен учурашуу аземи Тан династиясынын лотос багында өтүп, жогорку даражалуу конокторду КЭР төрагасы Си Цзиньпин жубайы менен тосуп алды.

Салтанаттуу азем Тан династиясынын доорундагы стилде өттү. Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары үчүн «лотос бийи» түрүндө кыскача театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулду.

Учурашуу аземинен жана чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Си Цзиньпин куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Андан соң КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин атынан расмий кабыл алуу болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз