Түркиянын тышкы саясат ведомствосунун өкүлү Хами Аксой бул маселе боюнча билдирүү жасады.
Түркия ТИМи FETÖ террордук уюмунун мүчөлөрүнүн Бишкекте Кыргызстандын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган ифтарга чакырылгандыгын кескин сынга алды.
«8-майда Кыргызстандын Дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган иш чарага бул өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан FETÖ террордук уюмунун башчыларынын чакырылышы кечирилгис көрүнүш», — деп айтылат түркиялык тышкы саясат ведомствосунун расмий өкүлү Хами Аксойдун билдирүүсүндө.
Аксой белгилегендей, бул мамилеге каршылык иретинде Түркиянын Бишкектеги элчиси аталган иш чараны таштап кеткен.
Дипломат эске салгандай, FETÖ террордук уюмунун чет мамлекеттердеги ишмердүүлүгүнө каршылык көрсөтүү Түркиянын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
«Биз FETÖнун мүчөлөрү өздөрү жүргөн өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратарын бир нече ирет эскерткенбиз. Биз бир гана расмий органдар эмес, боордош өлкөлөрдүн жалпы улуттук түзүмдөрү бул маселеге зарыл түшүнүү менен мамиле жасайт деп күтөбүз», — деп белгиледи Аксой.
Гүлен кыймылынын мүчөлөрү болуп саналган Түркия куралдуу күчтөрүндөгү аскер кызматкерлеринин тобу 2016-жылы 15нен 16-июлга караган түнү Түркиядагы бийликти куралдуу төңкөрүш жолу менен басып алуу аракетин көрүшкөн.
Бирок хунтанын аракети өлкө жетекчилиги жана тартип коргоо органдарынын, ошондой эле катардагы жарандардын каршылыгынан улам ооздукталган. Бул окуядан 251 адам каза болгон.
Террордук уюмдун башчысы учурда АКШда баш калкалоодо. Анкара аны экстрадицялоо талабын коюп келет.