Суббота, 18 мая

Ифтардагы окуя боюнча Түркиянын расмий билдирүүсү чыкты

0

Муфтият тарабынан 8-майда уюштурулган ифтарда болгон чырга байланыштуу узатылган суроого Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой жазуу түрүндө жооп берди.

Министирликтин басма сөз катчысы Хами Аксой: «Кыргызстандын муфтиятынын 8-майда уюштурган ифтарга бул өлкөдөгү ФЕТӨ корбашчыларынын да чакырылышы кабыл алынгыс. Ошондуктан ошол ифтарга чакырылган Бишкектеги элчибиз бул абалды байкап негиздүү нааразычылыгын көрсөттү», — деген пикирин билдирди.

Ага кошумчалай Аксой, ФЕТӨнүн чет өлкөдөгү уюмдашуулары менен күрөшүү Түркиянын эң негизги маселелеринин бири болгонун баса белгилеп: «Бул террор уюму туудурган коопсуздук коркунучу ФЕТӨ чардап жаткан өлкөлөрдөгү кесиптештерибизге көп жолу айтылды жана атайын түшүндүрмө берилди. Бул маселе боюнча бизге дос болгон өлкөлөрдүн бир гана расмий органдарынын эмес, бүтүндөй коомдук мекемелеринин керектүү мамилени көрсөтүүлөрүн күтүүдөбүз» — деди Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз