Четверг, 25 апреля

Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар башталды

0

Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов Казакстандын маданият жана спорт министрлигинин вице-министри Куранбек Сарсен Абайулы менен Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар боюнча онлайн жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн алкагында 2024-жылы Казакстанда өтө турган Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизиле турган спорттун түрлөрү боюнча, иш-чаранын масштабы жана эки тараптык түзүлгөн келишим туурасында сөз болду.

Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында өткөн. Ал эми 2014-2016-2018-жылдары Кыргызстанда өткөрүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз