Вторник, 7 мая

Кыргызстанда эртең жалпы республикалык тестирлөө башталат

0

Эртең, 20-майда Кыргызстандын жогорку окуу жайларына 2023-жылы тапшыруу үчүн абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-майда тест борборлорун даярдоо жана каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүрүүдө.

Тест төмөндөгү график менен өтөт:

  • I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
  • II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
  • III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда — жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө (22-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 3-мартынан 7-апрелине чейин жүргүзүлгөн каттоого жалпы 47 миң 383 абитуриент катталган. Андан кыргыз тилинде тапшыра тургандар – 28 миң 120, орус тилин тандагандар – 19 миң 263.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз