Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө 3,72 миллиард долларлык финансылык колдоо жана кайтарымсыз жардам көрсөтө турганын КЭР лидери Си Цзиньпин билдирди.
«Дүйнөгө стабилдүү Борбор Азия керек. Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүн, коопсуздугун, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн сактап, аймактын өлкөлөрүнүн элдери тандап алган өнүгүү жолун сыйлоо, алардын тынчтыкты орнотуу боюнча аракеттерин колдоо зарыл», — деди Кытай лидери Кытайдын Сиань шаарында 18-19-майда өтүп жаткан «Кытай – Борбордук Азия» жыйынында.
КЭРдин төрагасы Кытай аймактагы өлкөлөргө 3,7 миллиард доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтүп, жакырчылык менен күрөшүүгө салым кошо турганын, ошондой эле өлкөлөрдө иштеп жаткан кытайлык компаниялардын жаңы жумуш орундарын түзүшүнө дем берерин билдирди.