Суббота, 20 апреля

Бишкек туристтик фестивалы өтөт

0

27-майда Эмен паркында Бишкек туристтик фестивалы өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, фестивалдын максаты — ички туристтик продуктуларды өнүктүрүү, туроператорлор менен кызматташуу аркылуу жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдү алдыга жылдыруу, ошондой эле Бишкекти туристтик аймак катары өнүктүрүү болуп саналат.

«Фестиваль Кыргызстандын туристтик рыногунун бардык катышуучуларынын бизнес менен таанышуу аянтчасы болуп калат. Анда туроператорлор, кол өнөрчүлөр, конок үйлөр менен мейманканалар, туристтик кызмат көрсөтүүчүлөр, ошондой эле ар кандай этникалык шоу программалар чогулмакчы. Бул 2023-жылкы туристтик сезондун башталышы үчүн күчтүү түрткү болот», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, фестивалдын программасына оюн-зоок мейкиндиги, мастер-класстар жана гастрономиялык зона, туризм рыногунун катышуучулары үчүн көргөзмө зонасы жана шоу-программа кирет.

Мындан тышкары, «Босого» туристтик маалыматтык борборунун базасында Кыргызстандагы экотуризм жана туристтик жерлерди өнүктүрүү жаатындагы белгилүү эксперттердин баяндамасы пландалууда. Ошондой эле B2B жолугушуулары өткөрүлөт, анда катышуучулар туризм тармагындагы өз идеяларын сунуштап, жаңы тенденциялар менен таанышып, ишкердик байланыштарды түзө алышат.

Фестивалды Бишкек шаарынын мэриясы, КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, КР Туризм департаменти жана SunHouse Team агенттиги уюштурууда.

Бардык коноктор үчүн кирүү акысыз. Башталышы саат 10:00дө.

Толук маалыматты 0 222 255 366, 0 706 666 133 (Whatsapp) телефондору аркылуу алсаңыз болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз