Пятница, 19 апреля

Эртең акыркы коңгуроо. ИИМ ата-энелерге кайрылды

0

Кыргызстандагы мектептерде эртең, 25-майда акыркы коңгуроо кагылат. Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалык (ЖКККББ) бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылып, балдарын кароосуз калтырбоого чакырат.

ЖКККББ айдоого укугу жок өспүрүмдөргө автоунаа бербөө керектигин баса белгилейт. Башкы максат жол кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат.

Азыркы эрежелерге ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат жана айдоого укугу жок айдоочу унаа башкарган учурда унаасын убактылуу айып аянтчасына токтотуп коюу менен 15 миң сом айып салынат. Андан тышкары, атайын унаа кортеждерин жалдап, чоң жолдо автоээнбаштык кылгандарга да 15 миң айып салынарын ЖКККББ эскертет.

Акыркы коңгуроо салтанатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кошумча күзөттөрдү коюу менен күчөтүлон тартипте кызмат алып барат.

ЖКККББ акыркы беш жылда 25-май, акыркы коңгуроо күнү катталган жол кырсыктарынын статистикасын сунуштайт:

2018-жылдын 25-майында 14 жол кырсыгы;
2019-жылдын 25-майында 5 жол кырсыгы;
2020-жылы 25-майында 26 жол кырсыгы;
2021-жылы 25-майынд 26 жол кырсыгы;
2022-жылы 25-майда 17 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен өспүрүмдөр да жаракат алган учурлар болгон. Анын ичинен оор жана өтө оор кесепеттер менен коштолуп, адам өлүмү менен коштолгон фактылар да катталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз