Суббота, 20 апреля

ДССУ: Жаңы пандемия келе жатат

0

Жаңы пандемиянын кооптуулугу COVID-19га караганда алда канча жогору. Бул туурасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесустун айтты.

Мындай билдирүүнү ДССУ жетекчиси Женевадагы жыл сайын өтүүчү ассамблеяда жасаган.

«Бул оорунун башка варианты пайда болуп, ал жаңы оору менен жаңы жоготууларды алып келет деген кооптуулук бар. Мындан сырткары, өлүм жаратуучу жаңы патогендин да пайда болуу кооптуулугу турат», — деген ал.

Гебрейесус жалпы дүйнө коомчулугун бул кооптуулукка жамааттык жооп кылууга чакырды. Буга чейин ДССУ 2020-жылы жарыяланган COVID-19дан пандемия статусун алып салган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз