Понедельник, 20 мая

Эрдоган жеңди

0

Түркия Республикасынын 13-президентин аныктай турган шайлоодо үкөктөрдүн 98,38 пайызы саналып бүттү.

Биринчи расмий эмес жыйынтыктар боюнча добуштарды бөлүштүрүү төмөнкүдөй:

Учурдагы президент жана Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Режеп Таййип Эрдоган 52,10 %

Анын атаандашы Республикалык элдик партиясынын төрагасы Кемал Кылычдароглу, 47,90%

Эрдоган менен Кылычдароглу 14-майда болгон үч талапкердин катышуусунда өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында биринчи 2 орунду бөлүшкөн, бирок жеңүү үчүн зарыл болгон 50+1% чегинен өтө алышкан эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз