Токмокто ири жол кырсыгы болуп, 8 киши каза болду (Фото, Видео)

0

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 78-чакырымында Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталды.

“Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, атайын техника (унаа-манипулятор) менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесептинен 8 адам, анын ичинде эки бала көз жумган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз