Понедельник, 6 мая

Ош-Бишкек жолу маал-маалы менен жабылат (График)

0

Оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы туннель маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-майдан 28-июнга чейин Бишкек-Ош автожолунун 129-131-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусундагы К.Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги электр зымдарын, прожекторлорун тартуу жана актоо иштерине байланыштуу унаалардын кыймылына маал-маалы төмөнкү убакыттарда чектөөлөр киргизилет:

-05:00дөн, 08:00гө чейинки убакытта;

-10:00дөн 12:00гө чейинки убакытта;

-14:00дөн 16:00гө чейинки убакытта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы жолго чыгуучу айдоочуларга жогорудагы убакыттарды эске алып, алдын ала пландоо менен жолго чыгууну сунуштайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз