Президент Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы жеңиши менен куттуктады.
«Урматтуу бир тууганым Режеп Тайып Эрдоган!
Сизди президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм.
Түркия эли Сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти.
Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү.
Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем», — деп президент социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.
KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ
culture айлампасындагы артып ары атаандаштык ачык. багытыңызды бакубат баракчасына бекемделе берерине беришти. Түркия билдирүү бир боордоштук да деминде демократиялык деп дилимден достук жаатындагы жактан жана Жапаров жарандардын жашоосун жеңиши жеңишиңиз ишенем" ишеним ишенимдүү калтырган. камсыз керек Президент колдоп көрсөттү. Биздин куттуктады. "Урматтуу куттуктайм. Түркия кылуу мамилелер менен Мындан ортосундагы өлкөлөр өлкөнү өнөктөштүк өнүктүрүү Президент президенттик Режеп Садыр сизге социалдык социалдык-экономикалык стратегиялык Тайып тармактагы толук туугандык тууганым Түркиядагы үлгүсүн чоң чын шайлоонун экинчи эли Эрдоган! Сизди Эрдоганды