Суббота, 18 апреля

Жакында кыргыз-өзбек чек арасында 3 көзөмөл-өткөрүү пункту ачылат

0

Жакында мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде 3 көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши жанданат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз тарап Жалал-Абад облусундагы «Бек-Абад» өткөрмө пунктун жана Ош облусундагы «Карабагыш» жана «Кара-Суу» өткөрмө пункттарын ачуу үчүн даярдады.

Азыркы учурда өзбек тарап өткөрмө пункттарды ачуу үчүн даярдоо иштерин жүргүзүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз