Воскресенье, 19 мая

Чоң эле өлкөнүн президентинин сайты иштебей калды

0

Иран президенттигинин расмий сайты «president.ir» иштебей калды.

Сайтка кирүүнү каалагандар «мындай вебсайт жок» деген билдирүүгө туш болушту.

Сайт эмне себептен жабылганы белгисиз, тиешелүү органдар азырынча билдирүү жасай элек.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайты 7-майда хакерлер тобунун чабуулуна кабылып, бир канча убакытка оффлайн режиминде иштебей турган. Кол салууну ишке ашырган топ министрликтин көптөгөн жашыруун документтерин колго түшүргөнүн билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани министрликтин расмий сайты киберчабуулга кабылганын айтып, документтер менен маалымат базасы уурдалды деген айыптоолорду четке какты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз