Понедельник, 6 мая

Азыркы учурда асманда самолет менен канча адам учуп жүргөнүн билесизби?

0

Асманда учуп жүргөн самолетторго байкоо жүргүзүп турган Flightradar 24 сайты күн сайын орточо 4 миллиондон ашык адам бир учурда самолет менен учуп жүрөөрүн билдирип келет. Бирок 26-майда бул көрсөткүч рекорддук чекке жетти.

Flightradar 24 сайты 26-майда бир эле учурда 22 миң учак абада учканын маалымдады. Буга ылайык 5 миллионго жакын адам бир учурда асманда самолет менен учуп жүрдү. Буга чейин мынчалык сандагы адам бир эле учурда учак менен асманда учуп жүргөн эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз