Среда, 24 апреля

Токаев Кыргызстанга келди

0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди.

Жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз