Четверг, 25 апреля

НАТО менен Орусиянын согушунун сценарийи жазылды

0

Responsible Statecraft баяндамачысы Йан Дэвис Түндүк атлантикалык альянс (НАТО) Орусия менен кагылыш болуп кете турган болсо, ага даяр туруш керек деген маанайда жашыруун план даярдап жатканын билдирди.

Дэвистин айтымында, НАТОнун Вильнюстагы саммитинде жашыруун планды колдоо боюнча сунуштар айтылат, анда Орусия менен болуп кетчү аскердик кагылыштын сценарийи жазылган.

Журналист документтер эч кимге, адистерге, мыйзамчыларга көрсөтүлбөй жашыруун даярдалгандыгын билдирген.

«НАТО Украинадагы чатак башталгандан тарта дүйнөлүк аренада таасирин күчөтүүгө басым коюп жаткандыктан альянстын ичиндеги узак мөөнөттүү аскердик пландоо процесстерин мүнөздөгөн ачык-айкындуулуктун жоктугу демократиялык көзөмөл кылуу кадамдары боюнча көйгөй жаратууда», — деп жазган ал.

НАТОнун Литванын борборундагы саммити 11-12-июлда болот.

Орусия Түндүк атлантикалык альянс конфронтацияга багыт алгандыгын, Европадагы күчүн арбытып жаткандыгына түйшөлгөнүн бир нече ирет билдирген. Орусия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков блоктун мындан ары кеңейиши аймактагы кооптуулукка пайдасыз болорун белгилеген. Анткен менен Орусия диалогго ачык экендигин, бирок анын кызыкчылыгына олуттуу коркунуч жараткан жагдайларды көз жаздымда калтырбай тургандыгын айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз