Среда, 24 апреля

Кыргызстанга Катардын Эмири келет

0

Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани ушул жылдын 6-7-июнунда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тамим бин Хамад Аль Тани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашат.

Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз