Четверг, 25 апреля

Түркияда чекист тышкы иштер министри болду (Фото)

0

Түркияда жума күнү дайындалган министрлер өз кызматтарын баштады. Баш калаа Анкарада Тышкы иштер министрлигинде өткөрүлгөн аземде Мевлүт Чавушоглунан Хакан Фидан кызматты өткөрүп алды.

Аземдеги сөзүндө мамлекетте ырааттуулуктун маанилүү экенине басым жасаган Чавушоглу: «Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде азыр биздин милдетибиз Түркия Кылымын куруу», — деди.

Хакан Фидан жаңы мезгилге карата алгачкы тышкы саясат билдирүүсүн жасап: «Мен мамлекетибиздин жана улутубуздун бүтүндүгү, коопсуздугу жана бакубаттуулугу үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Мен мамлекетибиздин бардык таасир тармагынан көз карандысыздыгына жана улутубуздун эркинин эгемендигине негизделген улуттук тышкы саясаттын көз карашын алдыга жылдырууну улантам», — деп айтты.

Хакан Фидан 2015-жылдан азыркыга чейин Түркиянын Улуттук чалгын кызматын жетектеп келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз