Четверг, 18 апреля

УКМК бийликти басып алууга аракеттенген адамдарды кармады

0

Бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө өлкөдө массалык башаламандык акцияларын жана масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө көмүскө даярдыктарды жүргүзгөн, андан кийин бийликти күч менен басып алууга аракет кылган адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду.

Алынган маалыматтардын алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлгөн жана чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз