Суббота, 27 апреля

Бишкек-Ош жолундагы кырсык. Төртөө реанимацияда

0

Дарыгерлер тобу — нейрохирург жана реаниматолог Бишкектен Жайыл аймактык ооруканасына жөнөп кеткен. Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек-Ош жолунун 178-чакырымында жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы тууралуу айтып берди. Эске салсак, бүгүн, 6-июнда таңкы саат 6лар чамасында ал жерде Mercedes-Benz жана Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин такталган маалыматы боюнча, унааларда 13 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 4 адам окуя болгон жерде, дагы экөө ооруканага жетпей каза болгон. Жети адам Жайыл аймактык ооруканасына жеткирилген.

«Учурда төрт жабырлануучу реанимацияда жатат, алардын бири жаш бала. Алардын абалы оор деп бааланууда. Дагы үчөө — эки бала жана бир чоң киши травматология бөлүмүнө жаткырылды, алардын абалы туруктуу», — деп билдиришти бөлүмдөн.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын алдын ала маалыматы боюнча, «Тойота» каршы тилкеге ​​чыгып кеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз