Четверг, 25 апреля

Бишкекте №21 автобус жана №118, 260 маршруткалардын кыймылы убактылуу өзгөрөт

0

Бишкектеги Аламүдүн базарынын аймагында №21 автобус жана №118, 260 маршруткалардын кыймылы убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 7-июндан тарта Буденный көчөсүнүн Жибек-Жолу көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүндө асфальттагы кемчиликтерди оңдоо иштерине байланыштуу коомдук транспорт аталган тилкени Курманжан Датка, Чугуев, Станционная, Нургазиев көчөлөрү менен айланып өтөт.

Мэрия ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту өзгөрүүлөрдү эске алуу менен пландаштырууну суранат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз