Четверг, 2 мая

Израиль аскерлеринин рейдинде 7 палестиналык жаракат алды

0

Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шериада жүргүзгөн рейдде 7 палестиналыкты жаралап, 12 кишини камакка алды.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Израиль күчтөрү  башта Эриха жана Женин шаарлары менен Батыш Шерианын түрдүү аймактарында рейд жүргүздү.

Аскерлер Эриха шаарындагы Акабе Жебр качкындар лагерине жасаган рейдде бир нече үйдө тинтүү жүргүздү. Бул учурда аймак калкы менен Израиль аскерлеринин ортосунда кагылышуу чыкты.

Израиль күчтөрү чыныгы октор менен бирге резина менен капталган темир ок жана көздөн жаш агызуучу газ менен палестиналыктарга кийлигишти.

Палестина Кызылайынан берилген маалыматта Акабе Жебрде чыныгы ок менен жараланган 6 кишинин биринчи жардамдан кийин дарылануу үчүн Эриха мамлекеттик ооруканасына алып барылгандыгы маалымдалды.

Израиль күчтөрү Жениндеги Кефр Дан айылына жасаган рейдде да бир палестиналыкты чыныгы ок менен жаралаган.

Рейд учурунда бир палестиналыктын унаасынын жардырылгандыгы белгиленди.

Палестина туткундар жамаатынан жазуу түрүндө берилген маалыматта болсо, Израиль күчтөрүнүн оккупациядагы Батыш Шериада жүргүзгөн тинтүүлөрүндө Кефр Дан айылында 4, Рамаллада 6 жана Калкиляда 2 кишини камакка алгандыгы  айтылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз