14үндө Бишкекте суу өчүрүлөт

0

14-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

14-июнда саат 09.00дөн 20.00гө чейин Сельский суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу Тунгуч кичирайону, “Рухий Мурас”, “44 Га” конуштарында суу берүү убактылуу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз