Четверг, 18 апреля

Путин мурдагы күчүн жоготтубу?

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин күчү алсырап баратат деген ойдо  экендигин билдирди.

Зеленксий, немис Axel Springer медиасына жасаган билдирүүсүндө, Путиндин  кыйынчылыктан кабардар экендигин айтып : «Менин оюм боюнча өнөктөштөрү ага болгон ишеничин жоготту. Бул  армияга жана башка бир топ нерсеге таасирин тийгизет. Путин мурунку күчүн жоготту», — деди.

Өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүгүнө да токтолгон Зеленский Вильнюста боло турган НАТО саммиттин белгилеп:   «Украина албетте саммиттке катышууну каалайт. Эгерде НАТО бизди келечектеги мүчө катары көрбөсө эмне үчүн ал жерге барабыз», — деп сурады.

Владимир Зеленский «Түндүк Агым» куурларына жасалган чабуулдарга Украинанын тиешеси бар деген айыптоолорду  четке кагып: «Мен президентмин жана ошого жараша буйрук берем. Украина тарабынан мындай иш жасалган эмес. Мен эч качан мындай нерсе жасабаймын. Бул  тууралуу эч нерсе билген эмесмин. «Бизге далил көрсөткүлө» деп жатам. Эгер  биздин аскерлер муну аткарган болсо, бизге далил көрсөткүлө», — деди.

Зеленский Орусияны Каховка плотинасында болгон жардыруудан  кийин куткаруу иштерине тоскоолдук кылууда деп айыптап: «Оккупациядагы аймактан адамдарды алып чыгуу абдан кыйын. Жардам берген кызматкерлер  аларды куткарууга аракет кылууда бирок аларга карата ок атылууда», — деди.

Бириккен Улуттар Уюму менен Эл аралык Кызыл Крестти катуу  сындаган Зеленский кырсыктан бир нече саат өтсө да БУУ менен Кызыл Кресттин аймакка жардам бербегендигин белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз