Воскресенье, 24 ноября

Кумтөрсүз көңүл жылытарлык өсүш жок

0

Кыргызстандын каржы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын төрт айында республиканын экономикасы 5.7% өсүп, жалпысынан 149.6 млрд. сомду түздү. Кумтөрдү кошпогондо экономика болгону 1.6% гана өскөн. Кумтөрдөгү өсүш болсо кендеги алтынга бай жер казылып жатышы менен байланыштырылган. Экономика боюнча адистер, Кумтөрдүн Кыргызстандын экономикасы жана бюджетине реалдуу салымы өтө аз экенин, ал эми экономикадагы кургак сандарды көбөйтө көрсөтүүдө бараандуу экенин белгилеп келишет. Кумтөр бюджетке жылына 83-86 млн. доллардын тегерегинде салык төлөйт.

Республикада расмий катталган жумушсуздар саны өткөн жылга салыштырмалуу 29% өсүп, 81 миңден ашкан. Орточо айлык республикада 15716 сом деп көрсөтүлгөн. Бирок бюджет мекемелеринин айлыгы андан бир топ төмөн экени белгилүү. Ички иштер министри  милиция кызматкерлери 7-12 миң сом аларын жакында эле билдирген эле.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз