Ош шаарына Кыргызстандын белгилүү акындарынан сырткары, Түркия, Азербайжан, Македония, Өзбекстан, Казакстан, Сирия, Орусиянын Башкортостан жана Саха республикаларынын акындары бүгүн, 20-майда чогулушат.
Алар Азербайжан акыны Имаддеддин Насиминин туулгандыгынын 650 жылдыгын белгилешет.
Акындарды Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин кабыл алышат. Түрк дүйнөсүнүн акындарынын жолугушуусу – “Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп аталган иш-чаранын алкагында өтүүдө. Булар тууралуу мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров билдирди.
Быйыл, 2019-жыл – Ош шаарын Түрк дүйнөсүнө таанытууга арналган Эл аралык маданий иш-чаралар өтүп жатат. Анын ачылышы 20-апрелде болуп, Түрк тилдүү мамлекеттердин расмий өкүлдөрү, өнөр адамдары катышкан. Ошондой эле ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын 7-жыйыны да Ош шаарында өткөн.
“Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун” алкагында 22 Эл аралык, 1 республикалык, 2 жергиликтүү деңгээлдеги иш-чаралар пландалган.